«Нефролайн» Кара-Балтада диализ борборун ачтыСуусамырда кар көчкүнүн астында калган чабандын сөөгү табылдыПарламент Жумгалбек Шабданбековду УКМКнын жетекчиси кызматына дайындоого макулдук бердиЕАЭБ баңгизаттарды жана психотроптук заттарды экспорттоого лицензия алууну жөнөкөйлөттү№13 округдан шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште ант бериштиКыргызстандыктардын үчүнчү тобу Словакияга жумушка жөнөп кетти
Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн үч жаран кармалды – видео
23.06.2022 | 16:09
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн коңшу өлкөнүн үч жараны кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМКдан билдиришкендей, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен коңшу республиканын үч жараны кармалды.
Тактап айтканда, 21-июнда С.Н., С.М. жана А.А. Баткен районунун чек ара тилкесинде 50 түк пресстелген саман жүктөлгөн Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа менен колго түшкөн
Тергөө бөлүмү тарабынан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар