КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалыматУлан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылатКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?
Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттарын сый тамакка чакырды
30.06.2022 | 00:16
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын жайкы каникулга кетип бара жаткандыгы үчүн аларды сый тамакка парламентте чакырды.
“Кечинде болсо Талант Турдумаматович менен акылдаштык элек, кап этпесеңиздер столдун үстүндө бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, сиздердин каникулдарды өткөрүп келүүгө, өзүңүздөрдүн шайлоочулар менен жолугушуп келүүгө, бизге тапшырмаларды ала келүүгө, биз сиздерди жөнөтүп коюууга уруксат этиңиздер. Кечинде саат сегизде күтөбүз”-деди Жапаров.
Жогорку Кеңеш жыл сайын ушул маалда 2 айлык каникулга тарайт. 2 айдын бир айын шайлоочулар менен жолугушуп иштесе, бир айын эс алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат