Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Украинада дагы бир кыргызстандык жигит каза болду
01.07.2022 | 10:39
Орус армиясында кызмат өтөгөн дагы бир кыргызстандык Адилет Алиев Украинада каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Адилет Алиев Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында контракт боюнча кызмат өтөгөн жоокер болгон.
Буга чейин Кыргызстандын алты жараны — Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков жана Аманбек Курбанбаев, Руслан Полотов Украинадагы согуштук аракеттерде курман болгон.
Эске салсак, Украинадагы кырдаал оор бойдон калууда. Уруш уланууда. Орусия 2022-жылдын 24-февралында атайын аскердик операция жарыялаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом