Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бишкектеги кафелердин биринде чыр чыгып, бири бычакталды – сүрөт
01.07.2022 | 12:25
Бишкектеги кафелердин биринде эркек киши бычакталды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан кабарлашты.
Окуя 30-июнь күнү болгон. Милицияга саат 01.07де Жибек Жолу проспектиси менен Будённый көчөсүнүн кесилишинде кафеде коноктордун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен сайып жибергени тууралуу маалымат түшкөн.
29 жаштагы жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Патрулдук милиция кызматкерлери кол салган 33 жаштагы жаранды кармап, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.

Окуя электрондук журналга катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар