Кыргызстанда бардык аймактык аэропорттор калыбына келтирилди — андан ары эмне болот?УКМК кызматкеримин деп, 17 миң долларга алдаган: Бишкекте шектүү жаран кармалдыКыргызстан тоолуу өлкөлөр үчүн COP31де эл аралык программа сунуштадыПрезиденттикке талапкерлер: Садыр Жапаров кол тамгалардын саны боюнча лидерБактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн БШКга арыз бердиЖогорку Кеңеште Ала-Арчадагы трагедиядан кийин ӨКМдин ишин текшерүү талап кылынды
Бишкектеги кафелердин биринде чыр чыгып, бири бычакталды – сүрөт
01.07.2022 | 12:25
Бишкектеги кафелердин биринде эркек киши бычакталды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан кабарлашты.
Окуя 30-июнь күнү болгон. Милицияга саат 01.07де Жибек Жолу проспектиси менен Будённый көчөсүнүн кесилишинде кафеде коноктордун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен сайып жибергени тууралуу маалымат түшкөн.
29 жаштагы жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Патрулдук милиция кызматкерлери кол салган 33 жаштагы жаранды кармап, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына алып кетишкен.

Окуя электрондук журналга катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар