Дастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярдануудаЫсык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталды
Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан аялды милиционер куткарып калды
04.07.2022 | 18:00
Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-июль күнү саат 18:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Радуга” эл алуу жайында эс алып жаткан 60-65 курактагы аял сууга түшүп жаткан учурунда чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган.
Ошол учурда көлдүн жээгинде кызматын өтөп жаткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери милициянын старшинасы Адылбек Апышев жардамга чакырган үндү угуп калып, дароо чуркап барып пирстен сууга секирип, аял кишини куткарып чыккан.
Эс алуучуну сууга чөгүп бара жаткан жеринен аман-эсен куткарып чыккан милициянын старшинасы Адылбек Апышевге анын жакындары терең ыраазычылыгын билдиришти.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом