Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандын жарандары Беларуста 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат
Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан аялды милиционер куткарып калды
04.07.2022 | 18:00
Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-июль күнү саат 18:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Радуга” эл алуу жайында эс алып жаткан 60-65 курактагы аял сууга түшүп жаткан учурунда чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган.
Ошол учурда көлдүн жээгинде кызматын өтөп жаткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери милициянын старшинасы Адылбек Апышев жардамга чакырган үндү угуп калып, дароо чуркап барып пирстен сууга секирип, аял кишини куткарып чыккан.
Эс алуучуну сууга чөгүп бара жаткан жеринен аман-эсен куткарып чыккан милициянын старшинасы Адылбек Апышевге анын жакындары терең ыраазычылыгын билдиришти.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом