Чүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыАнтимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдүОрозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттү
Абдурахман Муртазалиев Дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль утту
20.07.2022 | 09:40
Күрөш боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жиу-житсу кафедрасынын машыктыруучу-мугалими Абдурахман Муртазалиев АКШда өткөн Дүйнөлүк оюндарда күмүш байгеге ээ болду.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, спортчу турнире жолдомону дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыгы менен алган.
Дүйнөлүк оюндар ушул жылдын 10-15-июль күндөрү Бирмингемде (Алабама, АКШ) өткөн.
А.Муртазалиев үчүн бул оюндар анын карьерасындагы экинчи оюндар болду. Ал буга чейин 2017-жылы Дүйнөлүк оюндарга катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт