Кыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдө
Бүгүн Чолпон-Атада Борбор Азиянын ТИМдеринин жыйыны өтөт
20.07.2022 | 09:18
Бүгүн, 20-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Иш-чарага Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлерди жана башкалардын катышуусу пландалууда.
Жыйында тышкы иштер органдарынын жетекчилери 21-июлга белгиленген Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшүн талкуулашат, ошондой эле анын күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун карашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат