Жапаров Борбор Азияны терроризмге каршы биригүүгө чакырдыКыргызстандын курулуш министрлигинин кара тизмесине 44 компания киргизилдиБолотбек Борбиев АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулдуКыргызстанда автомектептерди лицензиялоого 2 жылдык мораторий киргизилдиСтатистика. 75 жаштан ашкан 9 кыргызстандык биринчи жолу баш коштуТаалайбек Ибраев Дүйнөлүк банкка Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат берди
Төө-Ашуудагы туннель маал-маалы менен жабылат. График…
20.07.2022 | 14:09
Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында “К.Көлбаев” атындагы туннелдин ичинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Ага байланыштуу унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убак-убагы менен жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Оңдоолорго байланыштуу бир күндө 3 маал жол жабылып турат. Тактап айтканда, таңкы саат 4.00дөн 6.00гө, күндүзү 10.00дөн 12.00гө жана 14.00дөн 16.00гө чейинки убактарда туннел өтмөгүндө жол эки тараптуу жабылат.
“Урматтуу жүргунчүлөр! Ош – Бишкек жолуна жолго чыгаарда жол азыгын жана суу камдап алууну унутпаңыздар”, – деп эскертет ӨКМ.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом