Ысык-Көлдөгү «Ямайка» пансионатында мыйзамсыз ачылган буукана аныкталды

Ысык-Көлдөгү «Ямайка» пансионатында мыйзамсыз ачылган буукана аныкталды

Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылындагы «Ямайка» пансионатында мыйзамсыз ачылган буукана аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Бул факт каттоого алынып, буукананы жабуу боюнча чечим кабыл алуу үчүн тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Облустук милиция, эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу мекемелерге коюлган санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, суу жээктеринде буукана салууга болбойт.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Балбак Түлөбаевдин Costa Brava пансионатында бууканадан чыгып, көлгө түшүп жаткан видеосу тараган. Бул видео коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп, депутат элдин сынына кабылган. Кийинчерээк эл өкүлү ал видео боюнча түшүндүрмө берип, эл менен жакын болуу үчүн көлгө түшкөнү барганын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>