Студенттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталды

29.04.2026 | 11:32

Жогорку Кеңеште агрардык тармактагы колдоо сыяктуу эле студенттерди жеңилдетилген насыя менен камсыздоо сунушу айтылды. Мындай демилге менен депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында чыкты.

Анын айтымында, учурда мамлекет айыл чарба тармагына насыяларды субсидиялап, мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү үчүн 3% менен каражат берип жатат. Ушундай эле ыкманы билим берүү тармагына да колдонсо болорун белгиледи.

Депутат өлкө үчүн маанилүү болгон адистиктерге — санариптештирүү, жасалма интеллект, программалоо, медицина жана билим берүү тармактарына тапшырып жаткан студенттерге жеңилдетилген насыя берүүнү сунуштады.

Ал өкмөткө 2027-жылга карата республикалык бюджетте бул багытка каражат карап чыгууну өтүндү.

Депутаттын пикиринде, мындай чара талап кылынган адистерди даярдоого көмөк көрсөтүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө инвестиция болот.

Scroll to Top