Бишкек электр тармактар ишканасынан акча чыгарып кетүүгө шектелип директор, башкы эсепчи жана анын орун басары кармалды
Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, 2023-жылдан тарта 2026-жылдын мартына чейин ишкананын директору А.М., башкы эсепчи Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. ишкананын эсептеринен акча каражаттарын чыгарып келишкен. Такталгандай, бухгалтерия аркылуу жалган ведомосттор толтурулуп, алардын негизинде акчалар айлык акы катары Д.Ш.нын банктык эсебине которулуп турган. Кийин алар накталай акчага айландырылып, схеманын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп турган.

Жыйынтыгында мамлекеттик ишканага өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөр кармалып, эки айга камакка алынышты.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.