Бишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырды
Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм бычактан жараат алды – видео
08.08.2022 | 17:38
Бишкек шаарынын “Ак-Тилек” конушунда белгисиз бирөөлөр жашы жете элек өспүрүмгө бычак сайышкан. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-август күнү райондук милицияга “Ак-Тилек” конушунда жаш бала бычак жеп, жараат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.
Белгилүү болгондой 16 жаштагы Ж.Н. аттуу өспүрүм көкүрөк тушуна бачык жеп, шаардагы балдар ооруканасына жеткирилген.
Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши ачылып, учурда иликтөө иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом