Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсү

27.04.2026 | 14:16

Жогорку Кеңеште жарандардын менчик укуктарын коргоого багытталган жаңы механизм — турак жайга байланышкан бардык каттоо аракеттерине «өз алдынча тыюу» киргизүү демилгеси талкууланууда. Мыйзам долбоору өзгөчө улгайган жарандарды акыркы убакта көбөйгөн алдамчылык схемалардан коргоону көздөйт.

Эгер мыйзам кабыл алынса, жарандар мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу өз үйүн сатууга, белекке берүүгө, күрөөгө коюуга же башкача кайра каттоого тыюу сала алышат.

Мыйзам долбоорунун авторунун ойлонушу боюнча, бул механизмде «муздатуу мезгили» деген түшүнүк каралган. Башкача айтканда, ээси өз алдынча койгон тыюуну алып салууну чечсе да, ал дароо күчүн жоготпойт — арыз берилгенден кийин дагы 24 саат бою күчүндө калат. Бул убакыт ичинде адам чечимин кайра карап чыгып, жакындары же юристтер менен кеңешип, шашылыш кадамдардан сактанууга мүмкүнчүлүк алат.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Дастан Бекешев, бул механизм кандай иштей турганын жана анын чектөөлөрүн Reporter.kg басылмасына түшүндүрүп берди.

Негизги суроолордун бири — тыюу ишеним кат аркылуу жасалган келишимдерге да тиешелүү болобу. Депутаттын айтымында, эгер объектке өз алдынча тыюу коюлган болсо, келишимдин кайсы түрү болбосун, аны жүргүзүү мүмкүн эмес — чектөө бардык каттоо аракеттерине тиешелүү.

Мында тыюу тууралуу маалымат толук ачык болбойт. Бекешев белгилегендей, бул маалыматты кызыкдар тарап гана расмий реестрден атайын көчүрмө алуу аркылуу текшере алат. «Жөн эле бирөөнүн мүлкүн карап көрүү мүмкүн эмес — бул үчүн акы төлөнүүчү көчүрмө керек», — деди ал.

Долевой (биргелешкен) менчик маселеси да каралган. Мындай учурда ар бир ээси өз үлүшүнө өз алдынча тыюу кое алат. Демек, ошол бөлүккө коюлган чектөө алынмайынча, аны менен эч кандай бүтүм жасоого болбойт.

Ал эми аракетке жөндөмсүз жарандар боюнча чечим алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө байланыштуу болот. Тыюуну камкорчулар коёт — автоматтык түрдө мындай коргоо каралбайт.

Ошондой эле «муздатуу мезгилинин» узактыгы талкууланууда. Азырынча 24 саат сунушталууда, бирок Бекешевдин пикиринде, бул мөөнөттү узартууга болот. «Муздатуу мезгили чындыгында кыска. Аны 72 саатка чейин узартса болот деп ойлойм», — деди ал.

Депутат белгилегендей, бул механизм толук коргоону кепилдебейт. Эгер адамга катуу басым жасалса, тобокелдик сакталат. Бирок өз алдынча тыюу бат жана шашылыш бүтүмдөрдү кыйындатат жана ойлонууга кошумча убакыт берет.

Санарип кызматтарды колдонбогон улгайган жарандар үчүн арызды кагаз жүзүндө берүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Ошол эле учурда, депутаттын айтымында, электрондук кызматтарды, анын ичинде «Түндүк» тиркемесин колдонуу ыңгайлуураак болот.

Бул механизмди башка тармактарга жайылтуу азырынча пландалган эмес. «Бизнеске мындай тыюулар киргизилбейт — ишкерлик өзү тобокелчилик менен байланыштуу. Унааларга да колдонулбайт», — деп тактады Бекешев.

Жыйынтыгында, сунушталып жаткан инструмент жарандар үчүн кошумча коргоо чарасын түзөт. Бирок анын натыйжалуулугу көп жагынан жарандардын өздөрүнүн активдүүлүгүнө жана аны колдонуудагы практикага жараша болот.

Scroll to Top