Бишкектеги атышуудан бир адам оор абалда ооруканага түштү (видео)

11.08.2022 | 23:53

Социалдык тармакта тарап жаткан видеодогу атышуу боюнча борбор калаанын ички иштер башкармалыгы үн катты.

Маалым болгондой, 7-августта милицияга Карманская көчөсүнөн белгисиз адам октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда ыкчам-тергөө тобу тапанча, 1 даана гильза табышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 38 жаштагы эркек киши оң санынан оор жараат алып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин «Бейбаштык» беренеси  боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда


		
Scroll to Top