Ашууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди
Алтынбек Сулайманов УКМКга суракка чакыртылды
03.12.2019 | 15:23
Жогорку Кеңештеги “Бир Бол”фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттине суракка кирип кетти. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазып чыкты.
Белгилей кетсек, Сулайманов “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү айрым фактылардын алкагында күбө катары суракка чакыртылган. Буга чейин УКМК иликтөөгө катышы бар бардык адамдардын суракка чакрытыларын билдирген.
21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо” деген иликтөөсү жарыяланган.
Иликтөөдө айтылган айрым фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн.
фото:24.kg
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар