Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынды – видео

19.08.2022 | 11:00

“Массалык башаламандыктарга чакырык жасоого” шектелип 2 айга камакка алынган активист Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу “Полит Узник” телеграм каналы билдирди.

Жекшеналиевдин үйүнө тинтүү иштери 18-августта саат 18:20да жүргүзүлгөн. Тинтүү иштери тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта 2 айга камакка алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top