Ырыс Жекшеналиев жарыялаган видео боюнча кылмыш иши козголду

Ырыс Жекшеналиев жарыялаган видео боюнча кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлиги «Полит Узник» баракчасанын администратору Ырыс Жекшеналиевдин камалышы боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой «Полит Узник» баракчасына УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видеокайрылуусу жарыяланганы боюнча кылмыш иши козголгон.

«Полит Узник»баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев Тергөө кызматына чакырылып, фейсбукка тараткан Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүн берди. Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоолорго байланыштуу экендиги аныкталды. «Полит Узник» баракчасындагы эски видеонун жарыяланышында кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуу кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталгандыгы байкалат», – деп айтылат билдирүүдө.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ага тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши ачылган.

Учурда Жекшеналиев убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>