Ысык-Көлдө баңгитөбөл кармалды

Ысык-Көлдө баңгитөбөл кармалды

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБдин БМЖККК бөлүмчүсүнө райондук борбордун тургундарынын бири баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалымат райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, Ысык-Көл РИИБдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сактаган жарандын ким экендигин аныкташкан.

Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 47 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну А.А.  болуп чыкты. Жүргүзүлгөн мыйзамдуу тинтүү учурунда,  андан политилен  баштыкка салынган жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар зат табылып, далил зат катары алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат гашиш баңгизатынын түрүнө кирерин жана салмагы 15 грамды түзгөн. Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>