Жаш активист Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды

Жаш активист Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча эски видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн кармалган жаш активист Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 16-августта Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Жекшеналиевге «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Активист күнөөсү жок экенин жана кылмыш иши ага саясий себептерден улам ачылганын айтууда.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, ал 48 саатка камакка алынган. Аны менен бирге Абдил Сегизбаев УКМКга суракка кирип чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>