БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Россиядагы кырсык: Фуранын айдоочусунун жүрөгү кармап калган
23.08.2022 | 14:22
Росиянын Ульяновск обулсунда Кыргызстандын 14 жараны каза болгон жол кырсыгына эмне себеп болгону айтылды.
Облус башчысы Алексей Русскихтин айтымында, алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын жарандары бара жаткан кичи автобусту сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөгү кармап калган.
“Айрым маалыматтар боюнча, фуранын айдоочусу башка унааны сүзөр алдында жүрөгү кармап калган”, – деди ал.
Анын ою боюнча, жол кырсыгы учурунда айдоочу тирүү эмес болгон болушу ыктымал.
Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгы болуп, анда 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага жаткырылган. Ага байланыштуу Кыргызстанда 23-август аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом