Орусияда каза болгон жарандарды Кыргызстанга алып чыгышты

Орусияда каза болгон жарандарды Кыргызстанга алып чыгышты

Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча 3,5 саат аралыгында Кыргызстандын Ош шаарындагы аэропортуна конору күтүлүүдө.

Ульянов шаарына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Джолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков жеринде РФ ӨКМнин Ульянов облусун башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Михаил Осокин жана орун басары, полковник Михаил Николаев менен жолугушуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгы болуп, анда 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага жаткырылган. Ага байланыштуу Кыргызстанда 23-август Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>