Казакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылдыСадыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотекаКыргызстан мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салуу эрежелерин өзгөрттүБишкектеги «Буффет» ашканасында массалык уулануу болдуКыргызстандан канаттуулардын этин экспорттоо эки эсеге өстү: негизги сатып алуучулар — ЕАЭБ өлкөлөрү
Thodex криптовалютасынын негиздөөчүсү камакка алынды
30.08.2022 | 23:02
Албанияда Анкаранын өтүнүчү менен түрк ишкери Фарук Фатих Озер кармалды. Ал эки миллиард долларды – Thodex криптовалюталык биржасынын кардарларынын акчасын уурдаган деп айыпталууда.
Анын жетекчилиги астында соода платформасы күтүүсүздөн былтыр апрелде ишин токтоткон. Озер кардарларды бул техникалык көйгөй деп ишендирген, бирок тергөө учурунда ал Түркиядан ошол убакта эле качып кеткени аныкталган.
Түркиянын мыйзамдарына ылайык, криптовалютаны төлөм каражаты катары колдонууга тыюу салынган, бирок валютанын өзүн сатып алып, сата аласыз.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар