Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Жогорку Кеңеш Баатырованын саламаттык сактоо министри болушун колдоду
07.09.2022 | 16:16
Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлнара Баатырованын саламаттык сактоо министр кызматына дайындалышын колдоду.
Анын талапкерлигине 69 эл өкүлү “макул”, 1 депутат “каршы” добуш берди.
Баатырова ага көрсөтүлгөн милдетти так аткарарын убада кылды.
“Мага чоң жоопкерчилик жана милдет жүктөлдү. Мен муну жүрөгүмдүн тереңинде сезип турам. Мамлекет башчы жана сиздер көрсөткөн ишеничти чын ниетинмден так аткарарыма ишендирип кетем. Бүт күч-аракетимди жумшайм”, – деди Баатырова.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом