Россиядагы кыргыз жараны Фейсбуктагы посту үчүн кармалды  

Россиядагы кыргыз жараны Фейсбуктагы посту үчүн кармалды  

Москвада кыргызстандык жаран кармалып, мекенине депортацияланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан улуттар аралык кастыкты козутуу фактыларын жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөдө жүргөндө «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү басылмаларды жарыялап турган Кыргызстандын жараны Э.Б. аныкталды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Э.Б.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.

Ушул жылдын 6-сентябрында жаран Э.Б. Россиянын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Россияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргызстандын аймагына депортацияланган.

Бүгүн, 7-сентябрда жаран Э.Б. Кылмыш-кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди. Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда укмк
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>