Өлкөгө өлүм жазасынын кереги жок, — депутат Медер Алиев     

Өлкөгө өлүм жазасынын кереги жок, — депутат Медер Алиев     

Мен бир маселени козгогум келет – педофилия үчүн өлүм жазасы жөнүндө. Убакыттын өтүшү менен бул маселе күч алып, маңыздуу процедурага келет деп ойлойм, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев 7-сентябрда парламент жыйынында.

“Өлүм жазасынын кереги жок, биз барыбыз билебиз, сот бийлиги кандай экенин жана сот процесстери кандай жүрүп жатканын. Баягы эле бей-бечаралардын балдары жазаланат. Байлар эч качан мындай жазага тартылбайт. Бул ачуу чындык. Мүмкүн, келечекте сот системасы идеалдуу калыпта болгондо, тергөө органдары тыкыр таза болот, ошондо ойлонсок болот», — деди депутат.

Ошондой эле, ал өлүм жазасы киргизилген өлкөлдө кылмыштуулук азайбаганын жана бүт эле жерде бирдей экенин белгиледи.

Ал өлүм жазасы маселени чечпей турганын кошумчалап, мындай кылмышкерлерди өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштады.

Буга чейин депутаттар Нуржигит Кадырбеков жана Ырысбек Атажанов педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунушташкан. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>