Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылды
Араванда 8 жашар бала кутурмага шектелип ооруканага түштү
07.09.2022 | 16:40
Ош облусунун Араван районунда 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ал бала 5-сентябрда Аравандагы жалпы дарыгерлик практика борборуна жаткырылган. Анын абалы орто оор деп бааланууда.
Ата-энеси билдиргендей, август айынын аягында болжол менен 28-августта баланы мышык тытып алган.
Буга чейин Базар-Коргондо 72 жаштагы киши кутурмадан каза тапкан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом