Базар-Коргондо бир киши кутурмадан каза тапты

Базар-Коргондо бир киши кутурмадан каза тапты

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы  Сай-Коргон айылынын 72 жаштагы тургуну кутурмадан каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Парикан Эшенкулова «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, кутурмадан каза болгон жаран гипертонияга байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүндө турган. 1-сентябрда Базар-Коргон аймактык ооруканасына кайрылып, адегенде терапия бөлүмүнө жаткырылган.

«Терапия бөлүмүнө жаткырылган соң 23 саат өткөндөн кийин бейтап деми кыстыгып жатканын айтып, дене табы көтөрүлүп, алы куруп, коркуу сезимдери пайда болгон. Дарыгерлер чогулуп консилиум өткөрүшүп, инфекционист чакыртылат. Кутурмага күмөндөлүп, жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылат. 2-сентябрда облустан биз да бардык. Суудан, шамалдан, жарыктан, үндөн коркуп, оорунун белгилери ачык байкалып калган экен. 3-сентябрда шилекейи агып, коркуусу күчөп, ошол күнү каза болду. 4-сентябрда санитардык эрежелерди сактоо менен дарыгерлер жууп-тазалап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда маркум жерге берилди», — дейт Эшенкулова.

Маалыматка караганда, каза болгон кишинин баласы быйыл апрелде талаадан күчүк таап алып, үйүнө алып келген. Болжол менен 15-20 күндүк күчүк үйгө келген коноктун бутун каап алган, үй ээси аны байлап жатканда анын оң колун капкан.

«Күчүк тиштеген колун аракка жууп коюп, ошол бойдон жүрө берген. Күчүктү үй ээлери «эки адамды тиштеди» деп өлтүрүп, айылдын четине ыргытып жиберишкен», — деп билдирди Эшенкулова.

Маркум менен чогуу жашаган үч кишиге кутурмага каршы вакцина сайылды

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: кутурма

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>