Россияда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыкка кабылып, ооруканага түштү
Россиянын Челябинск облусунда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 7-сентябрда Златоуст шаарына жакын жерде катталган. Кыргызстандын жараны “Рено Логан” унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу “Вольво” унаасын сүзгөн.
Жеңил унаанын ичинде бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү болгон – ата-энеси жана алардын төрт баласы. Алардын бардыгы Кыргызстандын жараны. К.Ш. жубайы жана балдары Ош шаарынан Уфага учуп келишкен. К.Ш. аттуу айдоочу үй-бүлөсүн Уфа шаарындагы аэропорттон тосуп алып, аталган автоунаа менен Нижневартовск шаарына бара жатышкан.
“Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Златоустагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. 7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.,нын 12 жаштагы кызына операция жасалды. Кыздын абалы оор. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, бирок учурда алар аталган оорукананын травматология бөлүмүндө жатышат”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган кырсык боюнча окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлгөн.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда