Россияда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыкка кабылып, ооруканага түштү

Россияда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыкка кабылып, ооруканага түштү

Россиянын Челябинск облусунда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 7-сентябрда Златоуст шаарына жакын жерде катталган. Кыргызстандын жараны «Рено Логан» унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу «Вольво» унаасын сүзгөн.

Жеңил унаанын ичинде бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү болгон — ата-энеси жана алардын төрт баласы. Алардын бардыгы Кыргызстандын жараны. К.Ш. жубайы жана балдары Ош шаарынан Уфага учуп келишкен. К.Ш. аттуу айдоочу үй-бүлөсүн Уфа шаарындагы аэропорттон тосуп алып, аталган автоунаа менен Нижневартовск шаарына бара жатышкан.

«Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Златоустагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. 7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.,нын 12 жаштагы кызына операция жасалды. Кыздын абалы оор. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, бирок учурда алар аталган оорукананын травматология бөлүмүндө жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган кырсык боюнча окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>