Сабырбек Жумабеков директорлук кызматына кайра келиши мүмкүн

Сабырбек Жумабеков директорлук кызматына кайра келиши мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорлугунан алган Сабырбек Жумабековдун тагдырына кызыкты. Бул тууралуу ал 7-сентябрда саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлиги каралып жатканда сурады.

Гүлнара Баатырова Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун экс-жетекчиси өлкөдөгү эң мыкты травматолог жана башка мамлекеттерге кеңири таанымал адис экенин белгиледи.

«Мындай кадрларды биз баалап, алардын тажрыйбасын пайдаланышыбыз керек. Борбордун кызматкерлеринин бир бөлүгү Улуттук госпиталга, экинчи бөлүгү шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кетишти. Мен травматологдорду чогултуп, бул маселени дагы бир жолу карап чыгуу керек деп ойлойм», — деди Баатырова.

Буга чейин экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, анын ордуна Гулия Кожокматованы милдетин аткаруучу кылып дайындаган болчу. 

Ал эми Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жумуштан кетирбесек, медицина оңолбой калды, деген пикирин түз эфир учурунда билдирген болчу.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>