Ноокенде 28 жаштагы Каримова Динара Мырзамамитовна 20 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну 1994-жылы туулган Каримова Динара Мырзамамитовна 19-август күнү саат 12:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы кара кыска.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Динара Каримова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102 кызматына же (03734) 5 05 44, 0755 66 62 88 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюну өтүнөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда