Ала-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдөБишкектеги имараттарды бирдиктүү дизайн-кодго келтирүү үчүн документтердин жана талаптардын тизмесин сунушталдыНАТО Гренландиянын карама-каршылыктарынын астында кыйроого учуроодоЕЭК ЕАЭБдеги электрондук сооданын бирдиктүү эрежелери жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды
Чүйдө 14 жаштагы Бекжан Нурланбеков дайынсыз болууда
09.09.2022 | 15:13
Чүй районунда 14 жаштагы Бекжан Нурланбеков дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өспүрүм 7-сентябрда саат 23:00дө Садовое айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 175 см, салмагы 65 кг, арык чырай, чачы кыска жана кара, көзү күрөң.
Кийими: боз футболка, кара спорттук кийим жана боз спорттук бут кийим.
“Бекжан Нурланбековдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 03138 5-82-89, 0701 155 315, 0700 13 11 61, 0552 99 20 25 номерлерине кайрылсаңыздар болот”, – деп айтылат маалыматта.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом