«Биринчи карлыгач учту»: «От» (Burning) тасмасынын жаратуучулары фильмдин АКШда чыгышы тууралууКөчмөндөр искусствосу: Өрнөк айылында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылдыТоктогул суу сактагычынан дагы 500 метр мыйзамсыз тор чыгарылдыКыргызстанда пестициддерди лицензиясыз саткандарга айып пул салуу сунушталдыЖККУнун штаб башчысы быйылкы машыгуулар кайсы жерлерде өтөөрүн айтып бердиФорель менен көк чаар балыгына лимиттер: Айыл чарба министрлиги квоталарды бекитти
Next TV каналынын директору Дүйшөмбиевдин соту жылды
09.09.2022 | 15:00
Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши боюнча сот жылдырылды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
Соттук жыйын бүгүн саат 14:00дө Биринчи май райондук сотунда болмок. Бирок отурум 21-сентябрга саат 11:00гө жылдырылган.
5-сентябрда өткөн соттук процессте прокурор айыпталуучуну 7 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Эскерте кетсек, Next TV телеканалынын директоруна «улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча иш ачылган.
Аталган иштин козголушуна Next TV каналынын социалдык тармактарында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысынын «Украина менен болгон согушта Кыргызстан Россияга жардам берет» деген билдирүүсүн жарыяланганы себеп болгон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом