Депутаттар Бишкектин таштанды полигонуна барышты — сүрөт

Депутаттар Бишкектин таштанды полигонуна барышты — сүрөт

Бүгүн, 9-сентябрда “Элдик” депутаттык тобу Бишкек шаардык таштанды полигонунда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден-соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселесин жеринде талкуулашты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров баштаган Бишкек шаарынын тиешелүү жетекчилери, Башкы прокуратуранын жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-апрелинде да көчмө жыйын уюштурулуп, тийиштүү кызмат адамдары менен биргеликте кеңири талкуу өткөрүлгөн.

Депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев көп жылдан бери топтолгон таштанды жайы шаардыктардын ден-соолугуна зыян келтирип жатканын белгилеп: “Бирок көйгөйдү чечүүгө багытталган иш-пландар аягына чыгарылбай келет. Алсак, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 млн евро бөлгөн. Бирок, эч кандай жумуш жасалган эмес. Андыктан, маселенин чечилишине кедергисин тийгизген жагдайларды белгилеп, күнөөлүүлөрдү элге ачык айтуу керек”,– деди.

Ал эми 22 млн евронун кайда коротулганын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо да бул жаатта олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып, керектүү маалыматтарды толук изилдеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.

Муну менен катар депутаттар кийинки жыйынга башкы прокуратуранын өкүлү аталган маселе боюнча кеңири маалымат бериши керектигин белгилешти. Мындан тышкары жыйында калаадагы таштанды көйгөйү да көтөрүлүп, депутаттык топтун мүчөлөрү калаа башчысын тазалыкка көңүл бурууга чакырышты.

Ошондой эле мэр Эмилбек Абдыкадыров таштанды полигонун жөнгө салуу жаатында жаңы долбоорду ишке ашыруу максатталганын айтып, бул үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын терегиндеги талаштуу жагдайларды чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: полигон

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>