Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Чүйдө унаасын арты менен айдаган айдоочуга айып пул салынды – видео
12.09.2022 | 10:49
Айланма жолдо унаасын арты менен айдап, жол эрежесин бузган Chevrolet Tahoe унаасынын айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Мындан мурдаарак жергиликтүү ММКлардын биринде айланма жолдо унаасын тескери айдап бара жаткан айдоочунун видеосу чыккан.
Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери видеодогу айдоочуну таап, Бузуулар тууралуу кодекстин 189-беренесин (автоээнбаштык) бузгандыгы үчүн 7,5 миң сом айып пул салган.
Жол милициясы айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз