Баткенде экстремизмди жайылтып жүргөн жаран кармалды

Баткенде экстремизмди жайылтып жүргөн жаран кармалды

Баткенде экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдарды социалдык тармактарда  жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштердин натыйжасында социалдык тармактарда диний экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн жаран кармалды.

Кадамжай районунун 27 жаштагы Э. А. Ю. аттуу тургуну социалдык тармактарда Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” — Ирак, Шам ислам мамлекети (ИГИЛ)  экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.

Эскерте кетсек,  жогорудагы уюм Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылдын 13-декабрь күнү террористтик жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Бул факты Баткен ОИИБдин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөөгө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>