Кытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулат
Чек арадагы кагылыш: Кыргызстандын 24 жараны каза болду
17.09.2022 | 02:42
Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан (ыкчам маалыматтар боюнча) 24 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой каза болгондордун сөөктөрү Баткендеги ооруканаларга жеткирилген: Баткен облустук бириккен ооруканага – 12, Лейтектеги жалпы дарыгерлик практика борборуна – 10 жана Кулундудагу жалпы дарыгерлик практика борборуна – 2.
Жабыркагандардын саны 87ни түзөт. Алардын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом