Садыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даяр
Тажикстан кайрадан Чоң-Алайдагы чек арачыларды аткылоого алды
17.09.2022 | 18:43
Бүгүн, 17-сентябрь саат 18:20га карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган.
Чек ара кызматы абалды турукташтырууга багытталган иштерди жүргүзүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом