Жапаров Баткендеги жаңжалда жаракат алгандардан кабар алды

Жапаров Баткендеги жаңжалда жаракат алгандардан кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алган балдардын жана жарандардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акылбек Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында дарыланып жаткан жарадар болгон жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Саламаттык сактоо министрлиги саат 16:00гө карата билдиргендей,  жабырлануучулардын жалпы саны 122ге жетти. Тажикстан тараптын кол салуусунан улам 24 кыргызстандык жаран каза болгону маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>