Бештен балдары калды. Чек арадагы жаңжалда эки аскер каза тапты

Бештен балдары калды. Чек арадагы жаңжалда эки аскер каза тапты

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну болгон эки аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg′ге маркумдардын айылдаштары билдирди.

Каза болгон эки аскердин бири – 31 жаштагы Кулатбек Абдисамат уулу аттуу сержант, экинчиси — 35 жаштагы Нургазы Мамытов аттуу прапорщик. Мекен чегин коргоп курман болгон эки чек ара кызматкеринин аркасында бештен балдары калды.

Учурда каза болгон прапорщиктин сөөгү жерге берилди. Ал эми маркум сержанттын сөөгү кеч табылгандыктан жаназасы бүгүн кечинде окулат.

Мекен чегин коргоп, баатырларча курман болгон чек ара кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз.

Сүрөттө: солдо Кулатбек Абдисамат уулу жана оң жакта Нургазы Мамытов

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, куралдуу кагылыш башталган. Чек ара кызматы кагылыштын башталышына Тажикстан тарапты айыптап, кийинчерээк Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатканын билдирди. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болду. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылды. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча куралдуу кагылыштын айынан 24 адам каза болгон. Ошондой эле жарадар болгондордун саны 120дан ашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>