Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 19-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок.
УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз