Баткен: ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

Баткен: ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

Баткен облусунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда облуста абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек району боюнча ички иштер органдарынын башка укук коргоо органдары жана мамлекеттик уюмдар менен бирге ыкчам өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-аракеттерди, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоону координациялоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам-Хожент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашкан.

Адылбек Бийбосунов Лейлек районунда Кыргызстан жана Тажикстандын ИИМинин 30дан ашык кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Милиция кызматкерлери укук бузууларды жана чагымчылдыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана кошумча тартылган күчтөр коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>