Камчатканын түштүк бөлүгү жер титирөөдөн кийин эки метрге жылып кеткенАдылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясында сөз сүйлөдүБишкекте мэриянын кызматкери 2 300 доллар пара алып жаткан жеринен кармалдыЖалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүм сабалып каза тапканы айтылуудаЧолпон-Ата шаарына жаңы мэр дайындалдыБир айда жол эрежесин бузган 86 миңден ашык айдоочу аныкталды
Футбол: Кыргызстандын командасы Орусияга 1:2 эсебинде утулуп калды
24.09.2022 | 22:02
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияга 1:2 эсебинде утулуп калды.
Жолдоштук беттеш бүгүн, 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Оюндун 24-мүнөтүндө Кыргызстандын командасы Шүкүровдун соккусунан кийин эсепти ачып, орусиялыктар пенальтиден гол менен жооп беришти. Биринчи таймдан кийин Кыргызстан – Орусия – 1:1 болгон.
Оюндун 73-мүнөтүндө Даниил Уткин топту Токотаевдин алдынан кабыл алып, сокку узатты, бирок Эржан Кыргызстандын курамасын голдон сактап калды. 88-мүнөттө Уткин ага карабай гол киргизип, орусиялыктарга жеңиш алып келди. Соңунда Кыргызстан Орусияга 1:2 эсебинде утулуп калды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт