Баткенде жабыркаган үйлөр эртеңден тарта салына баштайт — видео

Баткенде жабыркаган үйлөр эртеңден тарта салына баштайт — видео

Тажикстандын кол салуусунан улам чек арага жакын аймактарда жабыр тарткан турак жайлар 26-сентябрдан тарта  салына баштайт. Бул тууралуу бүгүн Президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев Баткенге болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин тез арада аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт.

“Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөрдүн салынышы республикалык бюджеттен каржыланат. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Бүт эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат”, — деп билдирди Айбек Джунушалиев.

ӨКМдин маалыматына караганда, Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 364кө жетти.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>