ЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсү
Тиллаев: Түндүк – Түштүк жолунун курулушу 2026-жылы толук аяктайт
12.10.2022 | 16:30
Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2026-жылы толук аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда парламенттин жыйынында транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.
Анын айтымында, аталган жолдун тоннель жана асфальт төшөө иштери 2024-жылдын аягында бүткөрүлөт.
“Бүгүнкү күнү жолго 887 млн доллар каралган. Анын 500 млн доллары өздөштүрүлдү”, – деди ал.
Тиллаев белгилегендей, жол куруу иштери план менен жүрүп, пландан артта калуу болгон жок.
Эскерте кетсек, буга чейин Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу 2024-жылга карата бүткөрүлөрү кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Коом