Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
ДЧ: Катарда мас күйөрмандарды соолуктуруу үчүн атайын жай ачылат
14.10.2022 | 13:29
Катарда өтүүчү футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта эс алуу үчүн атайын жайлар уюштурулат. Турнирге байланыштуу өлкөдө алкоголдук ичимдиктерди сатуучу пункттар, анын ичинде стадиондордун жанында жана күйөрман зоналарында дагы ачылды.
Буга чейин Катарда алкоголдук ичимдиктер мейманкананын барларында гана сатылчу.
«Күйөрмандар өтө көп ичкен болсо, аларды эс алууга жардам берүү пландары дагы түзүлдү. Бул үчүн атайын коопсуз жерлер уюштурулду, ал жерде адамдар соолугуп, эс ала алышат», – деди 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионатты уюштуруу комитетинин башкы директору Насер Аль-Хатер.
2022-жылкы дүйнө чемпионаты 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар