Кабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен тааныштыМСК 1-майга чейин кимдер салык декларациясын тапшырышы керектигин эскертти
Кыргызстанда жашоо минимуму 13,5% өстү. Графика
14.10.2022 | 19:09
Кыргызстанда 2022-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү жан башына орточо эсеп менен 7 миң 242,09 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,5%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Жашоо минимумунун наркынын өсүшү бардык аймактарда белгиленди.
“Анын эң жогорку баасы Жалал-Абад облусунда түзүлдү – 7495 сом. Бул республикалык орточо көрсөткүчтөн 10,8% ашат. Эң төмөнкү көрсөткүч Талас облусунда белгиленди – 6 миң 584 сом, бул орточо республикалык деңгээлден 12,5% төмөн”, – деп белгилешти Улуттук статистикалык комитеттен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика