Бишкек мэриясы берген мобилдик үйлөр Баткенге бара жатат

Бишкек мэриясы берген мобилдик үйлөр Баткенге бара жатат

Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган 50 мобилдик үйдү Баткен облусуна жеткирүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, 40 тонналык контейнерлерден жылуулап жасалган мобилдик үйлөрдү жеткирүү Ички иштер министрлиги менен биргеликте аткарылат. Тактап айтканда, оор жүк ташуучу тралл унааларын камсыздап беришет. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирүүнү уюштуруп, күйүүчү май менен камсыздашууда.

  • Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата 28 мобилдик үй Баткен облусуна жөнөтүлүп, анын 11и жетип, калган 17си жолдо баратат. Ал эми калган үйлөрдү жеткирүү жакынкы күндөргө пландалууда. Бул үйлөрдө чек арада өткөн куралдуу кагылышууда жабыркаган жарандар үйлөрү салынып бүткүчө убактылуу жашашат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>